Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Кумтөр: сүйлөшүү мөөнөтүн узартууну парламент ушул аптада карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптада Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин жыйынында өкмөт “Центерра голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн 1-мартка чейин узартып берүүнү суранган. Эми бул маселени ушул апта парламент жалпы жыйында карайт.

Быйыл жыл башында Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Буга байланыштуу өкмөткө күзгө чейин кошумча дагы ондон ашык келишим түзүүнү тапшырган болчу. Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана ушул айда түзүлөт деп убада кылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG