Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Ош: “Барсбек” комплексин курууда 1,5 млн. сом ашыкча көрсөтүлгөн


Бул факт УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында аныкталды.

Маалыматка ылайык, Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы 2011-жылы өткөрүлгөн тендердин негизинде “Барсбек” комплексин куруу боюнча “Темирстройсервис” менен 7 млн. 48 миң 900 сомго келишим түзгөн. Андан соң мэриянын мурдагы жетекчилиги “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын бузуп, мамлекеттик экспертизасы жок эле аталган фирма менен 4 млн. 307 миң 900 сомго кошумча келишим түзгөн. Натыйжада аталган комплексти курууга кеткен каражат 1 млн. 43 миң 400 сом жогорулатылган баада көрсөтүлгөн.

Бул факт боюнча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укугунан аша чабуу беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.

2011-жылы Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турган. Экс-мэрге буга чейин дагы Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып тагылып, сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Мырзакматовдун тарапкерлери муну "саясий куугунтук" катары баалашууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG