Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:14

Шыкмаматов: Кыргызстанга каршы сегиз компания доо коюп жатат


Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов

Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов

Бул тууралуу юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, доонун көлөмү жалпысынан 1,5 млрд. долларга жакын. Сегиз компаниянын дээрлик баары мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев жана анын досу саналган Евгений Гуревичтин аркасы менен келген компаниялар.

- Бизде эки гана жол бар болчу: алардын туура эмес кылганын далилдеп туруп улутташтыруу, же болбосо доого жыгылабыз деп коркуп, ошол эле Куттуу-Сайды, "Мегакомду", Жерүйдү ошол эл аралык шылуундарга берип коюу. Эл аралык соттордо өз укугубузду коргогонго биз даяр турушубуз керек, - деди министр.

Буга чейин Кыргызстан эл аралык сотто үч ирет утулган. Акыркы жолу 24-октябрда Париждеги эл аралык арбитраж латвиялык ишкер, Максим Бакиевдин бизнес өнөктөшү саналган Валерий Белокондун пайдасына 16.5 млн. доллар төлөп берүүгө кыргыз өкмөтүн милдеттендирген. Түркиялык “Систем мүхендислик” “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн утуп, “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын акцияларын камакка алууга жетишкен. Андан кийин Канаданын “Стэнс энержи корп” компаниясы сейрек кездешүүчү Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүн Москвадагы арбитражга берип, 118 млн. долларга утуп алган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG