Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Пакистан: Талиптердин чабуулунун 104 адам, анын ичинде 84 бала өлдү


Чабуулга кабылган аскерий мектеп

Чабуулга кабылган аскерий мектеп

Бул жөнүндө Хайбер-Пуштун провинциалдык өкмөтүнүн башкы министри Первез Каттак билдирди. Өлгөндөр Пешавар шаарындагы аскерий башкаруудагы мектептин окуучулары жана кызматкерлери экени, мектептин территориясында дале чуулдаган октун үнү жана жарылуулар болуп жатканы кабарланууда.

Мектеп Пешавардын мыкты кайтарылган бөлүгүндө жайгашкан. "Техрик-е-Талибан" Пакистан уюмунун өзүн Мухаммад Хорасани деп атаган өкүлү “Азаттык” радиосунун кабарчысына телефон чалып, кол салуу өкмөттүк күчтөрдүн Түндүк Вазиристанда жүргүзүп жаткан операциялары үчүн өч алуу максатында жасалганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG