Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Беларус Орусиядан кесме жана кофе сатып алууга тыюу салды


Беларустун башкы санитардык врачы Игорь Гаевский кол койгон мындай чечимди Минск шаардык санитардык көзөмөл кызматы 15-декабрда өз сайтында жарыялады.

Чечимде Орусиянын BioFood компаниясы чыгарчу Golden Noodle жана Big Lunch кесмелери жана Paulis Rus компаниясынын Mokko кофеси санитардык нормаларга, ошондой эле Бажы биримдигинин стандартына жооп бербегендиктен, импорттоого тыюу салынат деп көрсөтүлөт.

12-декабрда президент Александр Лукашенко расмий Москваны “Союздук мамлекет” жана Бажы биримдигине мүчө Беларус жана Орусияны соода араздашуусуна түртүүдө деп күнөөлөгөн. Ноябрдын аягында Орусия бир катар Беларус компаниялары өндүргөн тамак-аш азыктарын өлкөгө ташууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG