Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Орус рубли бир күндө 20% күчүн жоготту


Орусиянын Борбордук банкы кечээ негизги ставкасын10,5тен 17% жеткиргенине карабай, рублдин куну качууда.16-декабрда түштөн кийин Москвада 80 рубль - 1 доллар жана 100 рубль - 1 евро болуп калды. Борбордук банктын төрайымы Элвира Набиуллина бүгүн “Россия-24” ТВсына берген интервьюда рублдин арзандоосун мунайдын баасынын төмөндөшү жана орусиялык компаниялар менен банктардын Батыштан капитал ала албай калуусу менен түшүндүрдү. Либерал-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский Мамдумадагы бүгүнкү талкууда сүйлөп, Эльвира Набиуллинаны отставкага кетүүгө чакырды:

- 1994 жана 1998-жылкы "кара шейшембиде" да ушундай болгон. Дайыма рублдун куну учканда Борбордук банктын башчысы же Финансы министри токтоосуз кызматтан кетчү. Мен Орусиянын жаңы тарыхын айтуудамын.

Жыл башынан бери рубль 50% жакын арзандады жана кубатын быйыл дүйнөдө эң катуу арзандаган украин акчасы - гривнадан да көпкө жоготту.

XS
SM
MD
LG