Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Обама Украинаны колдогон мыйзамга кол коёт


Барак Обама Украинаны колдогон мыйзамга жакын арада кол коёт деп күтүлүүдө
Барак Обама Украинаны колдогон мыйзамга жакын арада кол коёт деп күтүлүүдө

АКШ президенти Барак Обама Украинадагы эркиндикти колдоо боюнча мыйзамга жакын арада кол коёт. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест 16-декабрь күнү билдирди.

Өткөн жумада конгресс Орусиянын коргонуу жана энергетика тармагына каршы жаңы санкцияларды киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Санкция жарыяланган мекемелердин ичинде “Рособоронэкспорт” ишканасы да бар.

Ошондой эле мыйзам кабыл алынса Украинага курал сатып алуу үчүн 350 миллион доллар бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG