Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Кыргызстанда калктын 38% жакыр жашайт


Беш миң сомдук акча.
Беш миң сомдук акча.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргызстанда калктын 38% жакыр адамдардын катарына кирет. Бул тыянак Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына таянып чыгарылган. Дүйнөлүк банктын байкоосу боюнча 20 жыл мурда өлкөдө жашаган жакыр кишилер элдин 62% түзгөн. 2009-жылга келип 32% болгон. Бирок ошол жылдардагы коомдук бейстабилдүүлүктөн улам киреше табуу начарлап, жакырлар саны бир аз көбөйгөн.

Кирешеси аз үй-бүлөлөр негизинен аймактарда жашайт. Тагыраак айтканда, жакыр деп эсептелген кишилердин 73% айыл тургундары. Өлкөдөгү экономисттер мындай көрсөткүчкө айыл жана мал чарбасындагы кирешенин ачык эместиги себеп болорун белгилешет.

Дүйнөлүк эсепте күнүмдүк кирешеси 2 доллардан көп болбогон адам, ал эми улуттук эсепте айлык кирешеси 2700 сомдон аз кишилер жакыр болуп эсептелет. (SE)

XS
SM
MD
LG