18-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус жылуу;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8;
Баткенде түнкүсүн -3…+3, күндүз 5…10;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0...5;
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -11…-16;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -3...-5 градус, күндүз 6...8 градус жылуу болот. (КЕ)