Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Нарында электр энергиясына бааны арзандатууну талап кылып митингге чыккандар өкмөткө беш күн убакыт беришти. Алар өкмөттөн өкүл келишин жана энергетикага бааны арзандатууну талап кылышты. Талаптары аткарылбаса беш күндөн кийин кайра митингге чыгышарын билдиришти.

Бүгүн Нарын облустук администрациянын алдына 100дөн ашуун киши митингге чыгып, лимиттен ашыкча энергетика пайдаланып жатышканын, кымбат баада төлөөгө шарттары жок экенин айтып чыгышкан.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.

- Азыр Нарында суук түнкүсүн 45, күндүз -28...-30 градус болууда. 700 кВт саат электр энергиясын биз эки күндө эле жагып койобуз. Ал 2 сом 5 тыйындан эсептелип калат. Ага элдин мүмкүнчүлүгү жок, - деди Нарындын тургуну Бактыгүл Жумабаева.

2010-жылдагы элдик толкундоолор дал ушул тарифтердин көтөрүлүшүнөн келип чыккан. (КЕ/MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG