Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:43

АКШ Орусияга жаңы санкцияларды киргизет


Украин президенти Порошенко АКШ Конгрессинде сүйлөөдө. 18-сентябрь, 2014-жыл.

Украин президенти Порошенко АКШ Конгрессинде сүйлөөдө. 18-сентябрь, 2014-жыл.

Президент Обама Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүнү караган мыйзамга апта соңуна чейин кол койгону жатат.

Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жош Эрнест билдирди.

Орусиянын коргонуу жана энергия индустриясын, анын ичинде жогорку технологияны талап кылган мунай долбоорлорун, курал соодасы менен алектенген Рособоронэкспорт компаниясын бутага алган санкцияларды Конгресстин кош палатасы тең жактырды.

Конгресс ошондой эле Украинага 350 миллион долларга танкттар жана брондуу техникага каршы курал, ок-дары, учкучсуз башкарылуучу чалгынчы учак түрүндө жардам көргөзүүгө уруксат берди. Бирок АКШ өкмөтү Украинага мындай жардам жөнөтүүгө милдеттендирилбейт.

Ак үй буга чейин расмий Киевдин курал жагынан жардам көргөзүү өтүнүчүн четке кагып келген.

Жаңы санкциялар тууралуу жарыяга тушташ АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия Украинадагы жаңжалга байланыштуу соңку күндөр “конструктивдүү кадамдарды” жасаганын айтып өттү.

Кечээ Лондондон сүйлөп жатып Керри Батыштын Орусияга каршы санкцияларынын максаты - Москванын Украинадагы иштерге кийлигишүүсүн токтотуу экенин кайталады.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын ырастоосунда, Батыш “Орусиянын элине зыян келтирүүнү көздөбөйт”. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG