Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Атамбаев Пакистан башчысына көңүл айтты


Atambaev Mamnoon
Atambaev Mamnoon

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Пакистан лидери Мамнун Хуссейнге Пешавар шаарындагы террористтик актка байланыштуу көңүл айтты.

“Пакистандын түндүгүндөгү Пешавар шаарында мектепке куралчандардын кол салганы тууралуу трагедиялык кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Шейшембиде талиптер аскерий башкаруудагы мектепте кеминде 500 адамды барымтага алып, каршылык көрсөткөндөрдү аткылай баштаган. Чабуулдан 141 адам, анын ичинде 132ден ашуун бала набыт кетти. Буга байланыштуу Пакистанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG