Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Жалал-Абад: мектептерге видеобайкооч орнотула баштады


Облустун Ноокен районундагы алты мектепке видео байкоо аппараты орнотулду.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова билдирди. “Эми мектеп жетекчилиги мугалимдердин сабак өтүүсүн гана эмес, окуучулардын тыныгуу учурунда мектептин айланасында жана тамактануу жайында жүргөн коопсуздугун көзөмөлгө алат”, - деди Аширова.

Бул демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык колдоосу менен ишке ашты. Келечекте аймактагы Э. Алиев атындагы орто мектеп өзүнүн сайтын ачууну пландап, ата-энелер менен онлайн режиминде сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү максат кылууда. Ар бир мектепке видеобайкооч орнотууга 60 миң сом каражат сарпталууда. Облус аймагында 460тан ашык орто мектеп бар. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG