Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Маркумдарга пенсия чегерүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысеитов билдирди.

Анын айтымында, райондук социалдык фондунун жана райондук почтанын кызматкерлери мындай жол менен мамлекетке 291 миң сом зыян келтиришкен.

Райондук Социалдык фонддун жетекчиси Баратбек Сыдыкназаров бул фактыны сентябрь айында өздөрү аныктап, ушул тапта аудиттик текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Алар буга чейин укук коргоо органдары тарабынан расмий текшерүү болбогондугун, кылмыш иши кандай негизде козголгону тууралуу маалыматы жок экенин кошумчалады. Таласта жалпысынан 12 миң пенсионер бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG