Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстандын жарандыгын алган чет өлкөлүктөр текшерилет


Кыргыз паспорту.

Кыргыз паспорту.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдүн документтери кайрадан текшерүүгө алынууда.

Буга чейин башка өлкөлөрдүн жарандарына, кримтөбөлдөргө кыргыз паспорту мыйзамсыз берилип кеткен учурлар катталган. Жакында эле Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев быйылкы ажылыкка Кыргызстандын жасалма паспорту менен баргандар болгонун айтып чыккан. Анын билдиришинче, жасалма виза менен 69 адам кармалган.

Президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын маалыматында, 1995-жылдан бери 51 784 чет өлкөлүккө Кыргызстандын атуулдугу берилди. Жарандык алгандардын 40 миңден ашууну коңшу өлкөлөрдөн кайткан этникалык кыргыздар. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG