Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Пакистан менен Ооганстан терроризмге каршы чогуу күрөшөт


Индиялык окуучулар Пешавардагы кандуу окуяда мерт кеткен теңтуштарын эскерип, терроризмди токтотууга үндөөдө. 17-декабрь, 2014.
Индиялык окуучулар Пешавардагы кандуу окуяда мерт кеткен теңтуштарын эскерип, терроризмди токтотууга үндөөдө. 17-декабрь, 2014.

Пакистан армиясынын башчысы Рахил Шариф Кабулга жасаган иш-сапарында президент Ашраф Гани менен жолугуп, террордук аракеттерге каршы бирге күрөшүү маселесин талкуулады. Шариф Ооганстанга 17-декабрь күнү, Пешавардагы мектепте 148 адамдын, негизинен окуучулардын өмүрүн алган окуядан кийин барды.

Рахил Шариф менен жолугушкандан соң Ашраф Гани террорчуларга каршы Пакистан менен Ооганстан биргелешип күрөшө турган учур келгенин жарыялады.

Шариф ошондой эле Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн командири Жозеф Дунфорд менен да жолугушту. Ал арада Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф бир апта ичинде саясий лидерлер терроризмге каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү чечимге келерин маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG