Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Бишкекте мигранттар күнү белгиленет


Москвада полиция "мыйзамсыз иштеп жатат" деген негиз менен кармаган мигранттар. Октябрь, 2013-жыл.
Москвада полиция "мыйзамсыз иштеп жатат" деген негиз менен кармаган мигранттар. Октябрь, 2013-жыл.

Эл аралык миграция уюму бейөкмөт мекемелер менен бирге бүгүн, 18-декабрда Бишкекте мигранттар күнүн белгилейт. Иш-чаранын максаты коомчулуктун көңүлүн глобалдык проблемага айланып бараткан мигранттар өлүмүн азайтууга буруу болуп саналат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын чет элде каза тапкандардын саны өсүп жатат. 2013-2014-жылдар аралыгында башка өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандыктардын арасынан 404 адам түрдүү жагдайда жашоо менен кош айтышкан.

Мигранттар күнүнө карата эски аянтта эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери, ыктыярчылар, студенттер эскерүү акциясын уюштуруп, асманга 650 шар учурат. Ак түстөгү шарлар соңку жылдары каза болгон мигранттардын санын, кызыл түстөгүлөрү адам сатуучу алдамчылардын торуна илингендердин санын түшүндүрөт.(SE)

XS
SM
MD
LG