Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Жаздан баштап чет өлкөлүктөргө электрондук виза бериле баштайт


Кыргызстанга келген чет элдик турист жергиликтүү тургун менен.
Кыргызстанга келген чет элдик турист жергиликтүү тургун менен.

Буга байланыштуу токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Ага ылайык, Кыргызстанга кирип-чыккан жана өлкө аркылуу өткөн чет элдик жарандарга электрондук виза Тышкы иштер министрлигинин борбордук консулдук кызматында жүргүзүлөт. Алгач ал 60 күнгө чейин берилип, керек учурда узартылышы мүмкүн.

Өкмөт бул система виза берүүдөгү коррупциялык иштерди кыскартат жана чет элдиктер үчүн документ алуу ишин жеңилдетет деп ишенүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Эксперттер электрондук визаны киргизүү өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө оң таасирин тийгизерин белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG