Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Саясий партиялардын аймактарда рейтинги түштү


Бул тууралуу Социалдык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун иликтөөсүндө айтылат.

Аталган институт жүргүзгөн иликтөөгө жети облустун тургундары, партиялардын аймактагы өкүлдөрү катышкан. Сурамжылоодо белгилүү болгондой, көбүнчө бийликтеги партияларга ишеним төмөндөгөн. Иликтөөгө катышкан институттун өкүлү Асел Дөөлөткелдиеванын “Азаттыкка” айтымында, жергиликтүүлөр “Бийликтеги партиялар иштебей жаткандыктан өлкөдөгү энергетикалык кризис, социалдык турмуштун абалы жакшырбай жатат” деп эсептешет.

Ушул тапта Бишкекте “Партиялардын өнүгүүсү жана шайлоо алдында аймактардагы абал” деген аталыштагы талкуу өтүүдө. Ага партия өкүлдөрү, эксперттер катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG