Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Соңку эки жылда 246 адам кулчулуктан куткарылды


Бул тууралуу Эл аралык мигранттар күнүнө арналган акцияда айтылды. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын чет элде каза тапкандардын саны өсүп жатат. 2013-2014-жылдар аралыгында башка өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандыктардын арасынан 404 адам түрдүү жагдайда жашоо менен кош айтышкан.

Эл аралык миграция уюму бейөкмөт мекемелер менен бирге бүгүн Бишкекте мигранттар күнүн белгиледи. Бул күнгө байланыштуу эски аянтта атайын акция өттү. Анда асманга 650 шар учурулду. Иш-чаранын максаты - коомчулуктун көңүлүн глобалдык проблемага айланып бараткан мигранттар өлүмүн азайтууга буруу. Миграцияда жүрүп каза болгондорду эскерүү иш-чарасы бүгүн Ош шаарында да өттү. ( YI/ECh/КЕ)

XS
SM
MD
LG