Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Орусия президентинин жылдык пресс-конференциясы башталууда


Орусиянын президенти Владимир Путиндин жылдык пресс-конференциясында экономика жана эл аралык мамилелер көңүл чордонунда болот деп күтүлүүдө.

Салттуу иш-чара рублдин куну жыл башынан бери дээрлик 50 процентке түшүп, мунай баасынын дүйнөлүк рынокто арзандашы жана Батыштын санкциялары орус экономикасына кесепетин тийгизип жаткан учурда өткөрүлүүдө.

Жакында парламентке жасаган кайрылуусунда Путин Орусиянын “кансыз согуш” учурундагы душмандарын өлкөнүн өсүп жаткан кубатын “ооздуктоо, таасир этүү же эң жакшысы аны өз кызыкчылыгында пайдаланууга аракеттенишүүдө” деп айыптаган.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри 16-декабрда Орусиянын Украинадагы окуяларга кийлигишүүсүнөн улам киргизилген санкциялар “саналуу апта же күндүн ичинде алынып салынышы мүмкүн, ал президент Путиндин тандоосуна көз каранды болот” деп айткан.

Ал ортодо Украинанын мамлекет башчысы Петро Порошенко кечээ блокторго кошулбоо статусунан баш тартуу сунушун парламентке киргизерин билдирди.

Польшалык депутаттардын алдында сүйлөгөн кезинде президент өлкө НАТО менен жакындашуу багытына кайтаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG