Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Акыйкатчы: тартип коргоо органдарынын үстүнөн арыздангандар көбөйдү


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев.

Бул тууралуу акыйкатчы Бакытбек Аманбаев бүгүн парламентте, адам укуктарына байланыштуу өткөрүлгөн өкмөттүк саат учурунда билдирди.

Анын айтымында, 11 айда Акыйкатчы институтуна 12 миңден ашуун арыз-даттануулар келип түшсө, алардын 68 пайызы тартип коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттерине же аракетсиздигине арызданышкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 пайызга көп дегенди билдирет. Аманбаев утурумдук кармоо жайларында, кылмышка шектүү катары кармалган учурда жана баш коргоо чарасын аныктоого чейин кыйноого кабылган учурлар көп кездешип жатканын белгиледи. Ошондой эле жарандардын камактагы мөөнөтүн узартуу маалында мыйзам бузуулар катталып жатканын кошумчалады.

Акыйкатчы эл өкүлдөрүн адам укуктары, өзгөчө кыйноо маселесине көңүл бурууга чакырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG