Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Путин: Президенттикке ат салышуу чечимим өлкөдөгү кырдаалга жараша болот


Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык конференциясын аяктап жатып, 2018-жылы президенттик жарышка катышуу чечими өлкөдөгү кырдаалга, Кремл, өкмөт, жалпы бийликтин ишинин жыйынтыктарына жараша болорун айтты.

3 саат 20 мүнөткө созулган маалымат жыйында Путин экономика, Крым, Украинадагы окуялар, Батыш менен мамилелерден тартып ички проблемаларга байланышкан суроолорго жооп берди.

Путин өлкө экономикасындагы олку-солкуну сырткы факторлор, анын ичинде мунайдын дүйнөлүк баасынын арзандашы менен байланыштырды. Жылдык пресс-конференцияны баштап жатып, президент Орусиянын экономикасы “сөзсүз” кайра ирденет, буга эки жылдай убакыт кетет деди.

Бул аралыкта экономиканы диверсификациялоо багытында кадамдар жасалууга тийиш, - деди Путин.

Анын айтымында, борбордук банк жана өкмөт азыркы экономикалык кырдаалда туура чара көрүп жатат, бирок ошол чаралар сапаттуу жана өз убагында жасалууга тийиш.

Украинанын маалымат агенттигинн кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Путин Украинанын чыгышында орусиялык куралдуу күчтөр жок. "Өз ыктыяры, көкүрөк туюму менен Донбасстагы урушка катышып жаткандарды жалданма согушкер деп атай албайбыз, себеби аларга акча төлөнбөйт. Украинанын чыгышында болуп жаткан окуялар коомдук аң-сезимде жазалоочу операция катары кабыл алынат. Бирок аны Украина бийлиги жүргүзүп жатат", - деди.

Украинадагы кризис саясий жол менен эл аралык келишимдердин алкагында чечилүүгө тийиш деп кошумчалады

Путин Батыш виртуалдык Берлин дубалын орнотуп жатат деп сындады.

Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр маселесине кайрылып, президент Батыш мамлекеттери ийкемдүүрөк болууга тийиш деп белгиледи. Башка өлкөлөрдүн кысымына карабай, Орусия Тегеран менен мамилелерин чектебейт.

Президенттин бул жолку пресс-конференциясына 1 миң 200дөй журналист аккредитацияланган.

XS
SM
MD
LG