Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Нигерияда согушкерлер жүздөн ашуун адамды барымтага алды


"Боко-Харам" тобу уурдап кеткен окуучу кыздарды бошотуу талабы менен Вашингтондо өткөн акция. 6-май, 2012-жыл.
"Боко-Харам" тобу уурдап кеткен окуучу кыздарды бошотуу талабы менен Вашингтондо өткөн акция. 6-май, 2012-жыл.

Нигериянын түндүк-чыгышында “Боко-Харам” тобунун мүчөлөрү деп болжолдонуп жаткан динчил согушкерлер 35 адамды өлтүрүп, жүздөн ашуун аялдар менен балдарды барымтага алды.

Бийлик 18-декабрь күнү тараткан маалыматка ылайык, согушкерлер жекшембиде Гумскири айылына чабуул койгон. Үйлөрдү, дүкөндөрдү жана медициналык борборду өрттөп, барымтага алган кишилерди жүк машинасына салып алып кетишкен. Азырынча окуяга эч ким жоопкерликти ала элек. Бирок полиция муну “боко-харамчылар” жасаган болушу мүмкүн экенин айтууда.

Быйыл апрель айында аталган топтун согушкерлери Чибок шаарындагы мектептен 200дөн ашуун окуучу кызды барымтага алып кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG