Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

КСДП Жаштар министрлигине Айбек Азыранкуловду көрсөттү


Айбек Азыранкулов.
Айбек Азыранкулов.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Мындай чечим фракциянын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. “Азыранкуловдун талапкерлигин жаш, мурунку иштеринде өзүн жакшы көрсөткөн жана булганбаган адам катары көрсөттүк”, - деди эл өкүлү.

Буга чейин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жетектеген Алиясбек Алымкулов өткөн жума соңунда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. КСДП бул орунга депутат Данияр Тербишалиевдин талапкерлигин сунуштап, бирок ал министр болуудан баш тарткан эле.

Айбек Азыранкулов буга чейин Чүйдүн губернатору болуп турган. КСДПнын мүчөсү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG