Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Атамбаев: чекисттер жаңылбашы керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган куттуктоосунда айтылат. Анда терроризмге, экстремизмге бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу кесипкөйлүктү, кайраттуулукту жана ак ниеттүүлүктү талап кылары белгиленген.

“Улуттук коопсуздук органдарынын бардык кызматкерлери чынчыл болуп, мыйзамды сактап жана өз иштерин кынтыксыз аткаруусу абдан маанилүү. Мамлекеттин өкүлдөрү катары чекисттер жаңылбашы керек”, - деп айтылат куттуктоодо.

Кыргызстанда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин кесиптик күнү 20-декабрда белгиленет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG