Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Өкмөт: саясий партиялардын мыйзамсыз каражаты мамлекетке өтөт


“Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин өкүлү Эмир Зулпуев “Азаттыкка” билдирди. Мыйзам долбооруна ылайык, өкмөт партиялардын сырттан алган каржылык колдоосу мыйзамсыз экени аныкталса, ал каражатты мамлекеттик бюджетке чегерүүнү сунуштоодо.

Сентябрда аталган мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги коомдук талкууга алып чыккан. “Саясий партиялар” боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоордо саясий партияларды өлкө сыртынан жеке адамдар жана уюмдар тарабынан каржылоосуна тыюу салуу каралган. Ошондой эле диний, тартип коргоо, аскерий уюмдар тарабынан жана кайрымдуулук иретинде берилген каражат алууга тыюу салынат.

Мындан сырткары “Саясий партияларга аудит жүргүзүү” беренеси киргизилүүдө. Долбоор саясий абалга сырттан кийлигишүүнүн алдын алуу максатын көздөйт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG