Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Туск: ЕБга Кремл менен иштөөнүн узак мөөнөттүк стратегиясы керек


Дональд Туск.

Дональд Туск.

Евробиримдикке Украин кризисин жөндөөдө Орусия менен иш жүргүзүүнүн узак мөөнөттүк стратегиясы керек. Мындай пикирин Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск 19-декабрда Биримдиктин Брюсселдеги саммитинен кийинки маалымат жыйынында билдирди:

- Бүгүн биз көп оптимист эмеспиз. Бирок сиздер билгендей, биз оптимист эмес, реалист болушубуз керек. Бул биз береги оюнга бир кризис катары эмес, узак убакка созулчу оюндай мамиле кылышыбыз керек дегенди билдирет.

Польшанын мурдагы премьер-министри Украина менен Евробиримдиктин болочогу ажырагыс экенин да баса белгиледи: "Биз Украинанын келечеги жөнүндө сүйлөгөнүбүздө, иш жүзүндө өз келечегибиз, Европанын келечеги жөнүндө сөз кылабыз”.

Дональд Туск Украин кризисин жөндөө үчүн Орусия жана президент Путин менен иштешүү стратегиясы “катуу жана жоопкерчиликтүү” болушу керек деп эсептейт.

Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини Кремл Крымды аннексиялап алгандан кийинки Биримдик жана АКШ жарыялаган санкция Орусияга алып келген экономикалык проблемаларга көңүлү толбогонун билдирди. Анын сөзүнчө, Путин жана башка орус жетекчилери “калган дүйнөгө болгон мамилесин кескин өзгөртүүсү” абзел.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG