Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Пакистанда отуз эки согушчан жок кылынды


Пакистан армиясы 32 согушчанды буктурмага алып жок кылды. 19-декабрда жасалган билдирүүдө согушчандар Ооганстанга чектеш Хайбер регионундагы Тира өрөөнүндө баратканда катардан чыгарылганы жана үч аскер жарадар болгону белгиленет.

Бейшемби күнү Хайбер регионунда авиациянын жардамы менен өткөрүлгөн операцияда 27 согушчан жок кылынганы кабарланган. 16-декабрда Пешавардагы аскерий башкаруудагы мектепке согушчандар кол салганда 132 окуучу жана тогуз адам өлгөн. Мектепке жасалган чабуул үчүн жоокерчиликти "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюму өзүнө алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG