Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 03:57

Пентагон: Жихадчылардын Ирактагы үч башчысы жок кылынды


"Ислам мамлекети" тобунун желеги. Ирак, 24-ноябрь.

АКШ жана союздаштарынын авиасоккусу “Ислам мамлекети” уюмунун бир нече бийик жана орто даражалуу командирлерин жайран кылды. Пентагондун өкүлү контр-адмирал Жон Кирбинин 18-декабрда маалымдашынча, Вашингтондо береги жоготуу жихадчылардын Ирактын коопсуздук күчтөрүнө каршы операциясын жетектөө жана көзөмөлдөө жөндөмүн төмөндөтөт деп ишенишет.

The Wall Street Journal гезитинин АКШдагы расмий адамдарга шилтеп жазышына, америкалык учактар урган бомбадан “Ислам мамлекети” уюмунун Ирактагы операцияларынын командири Абд ал-Басит, уюмдун башчысы Абу Бакр ал-Багдадинин орун басары Хажи Мутаз жана согушчандар Мосул шаарына губерантор кылып дайындаган Радвин Талип өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG