Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Орус драма театрынын жетекчисине карата кылмыш иши козголду


Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын жетекчиси Александр Кулинскийге Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Текшерүүнүн жыйынтыгында театрдын директору 2013-жылдын ноябрь айынан бери 340 миңдей сомду кызматтык абалынан пайдалануу менен өздүк кылып алганы белгилүү болгон. Прокуратура тараткан маалыматта, театрдын жетекчиси атайын маянасы көрсөтүлгөн штаттык орундардын болгонуна карабай, өзүнүн буйругу менен кошумча келишим аркылуу башкы бухгалтерди жана юристти кызматка алып, 34-50 миң сомго чейин айлык төлөгөн. Учурда кылмыш иш боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Театрдын буга чейинки директору Борис Воробьевго мамлекеттик органдардын уруксатын албай туруп, театр имаратын жеке ишкерлерге ижарага берип жүрөт деп кине коюлуп, жети жылга эркинен ажыратылган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG