Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:47

Австралияда сегиз бала бычактап өлтүрүлдү


Кэрнс, Австралия. 19-декабрь.

Кэрнс, Австралия. 19-декабрь.

Полиция 18 айдан 15 жашка чейинки балдардын денесин Кэрнс шаарынын четиндеги Манура маалесиндеги үйлөрдүн биринен тапкан.

Киши колдуу болуп өлгөн балдардын жетөө бир туугандар жана сегизинчи бала алардын тууганы экенин Квинсленд штатынын полициясынан маалымдады. Балдардын оор жарадар болгон апасы ооруканага жеткирилген. Полициянын билдиришинче, бул окуянын терроризмге эч кандай тиешеси жок.

15-декабрда исламчыл куралчан адам Сидней шаарынын ортосундагы кафенин кызматкерлерин барымтага алган. 16 саатка созулган коогалаңда барымтадагы эки адам жана барымтачы өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG