Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Караколдо борбордук аянттагы балатыны өрттөп кетишти


Каракол шаарынын борбордук аянтындагы Жаңы жыл майрамына карата коюлган балатыны өрттөп кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардагы "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдыкеев билдирди. Анын айтымында, балатынын бир метри жана аны кооздоп турган жылтырактары менен оюнчуктары өрттөнүп кетти.

Өрткө каршы кызматынын билдиришинче, балатыга атайын өрт коюлган.

Абдыкеев балаты жыйыл сайын милиция кызматкерлери менен кайтарылып турганын бирок, өткөн түнү балаты жаңы кооздолуп бүткөндүктөн көз салынбай калганын кошумчалады. Учурда тиешелүү чаралар көрүлүп, аянтка кайрадан башка балаты орнотулат. (MK)

XS
SM
MD
LG