Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

Касымалы Жантөшевдин беш томдугу кайрадан басылып чыкты


Белгилүү кыргыз жазуучусу Касымалы Жантөшевдин тандалган чыгармаларынын беш томдугу кайрадан басылып чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиев билдирди.

Анын айтымында, Касымалы Жантөшевдин “Каныбек” романы, “Эки жаш” повести сыяктуу бир топ чыгармалары өлкө аймагындагы китепканаларда дээрлик калбай калган. Кайра басып чыгаруу жазуучунун 110 жылдыгын белгилөөнүн алкагында мамлекеттик иш-планга киргизилип, өкмөттүн алдында уюштуруу комитети түзүлгөн. Аны ишке ашырууга Жогорку Кеңештин төрага фондунан, ишкерлер коому дагы жардам берген.

Жантөшевдин тандалган чыгармаларынын беш томдугу миң нускада басылып чыкты. Жазуучунун беш томдугу облустук, мамлекеттик китепканаларга, жогорку окуу жайлардын китепканаларына таркатылды. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG