Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Оторбаев ЕАЭБга кирүү боюнча жыйын өткөрдү


Кечээ, 20-декабрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия эркин экономикалык аймакка кирүүсүнүн даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Ага президенттик аппараттан, Экономика министрлигинен тиешелүү адамдар катышып, Евразия эркин экономикалык аймагына кирүү келишиминин долбоору каралды.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев ЕАЭБга кирүүдөгү даярдыктарга оң баа берди. Оторбаев : “Евразия эркин экономикалык аймакка кошулуу боюнча иштер кызуу жүрүүдө, азыр өкмөт белгиленген графиктен калбай жумуш аткарууда” – деди.

Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия эркин экономикалык аймакка кирүүсү тууралуу келишимге 23-декабрда Москвада кол коюлат. Ага кыргыз тараптан президент Алмазбек Атамбаев катышып, келишимге кол коёрун премьер-министрдин Бажы биримдиги боюнча кеңешчиси Олег Панкратов өткөн аптада Стамбулда өткөн ишкерлердин форумунда билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG