Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

“Курманжан Датка” Оскарга тандалчу тасмалар тизмесинен чыгып калды


“Курманжан датка” тасмасы “Оскар” киносыйлыгына сунушталган фильмдердин акыркы жарыяланган тизмесине кирбей калды. Америкалык киноакадемия “Оскар” сыйлыгынын баш байгеси үчүн ат салыша турган тасмалардын тизмесин жарыялады. Тизмеге Австрия, Канада, Дания, Франция, Норвегия жана башка өлкөлөрдүн тасмалары илинген.

Тасманын режиссёру Садык Шер-Нияз өзүнүн Facebook баракчасына “Оскар” сыйлыгы үчүн жакшы аракет кылышканын, бирок ийгиликке жетпей калышканын жазды.

“Курманжан Датка” киносу дүйнөсүндөгү эң абройлуу деп эсептелген Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн төртүнчү кыргызстандык тасма. Буга чейин “Аталар керээзи”, “Теңгри” жана “Свет аке” тасмалары да көрсөтүлүп, бирок жеңишке жеткен эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG