Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Кыйноого шектелген үч милиция кызматкери соттолду


18-декабрда Свердлов райондук соту үч милиция кызматкерине кыйноолор боюнча айып такты. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы эстрада чөйрөсүндө Микаэл деген ысым менен таанымал Мирлан Даутовдун өлүмүнө шектелип, Эркин Турусбеков кармалган. Эки жылдан кийин Турусубеков милиция тарабынан кыйноолорго кабылганы далилденген. Кыйноого Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын алты кызматкери: Азат Балыкбаев, Нурдин Жузубалиев, Мирлан Алиев, Төлөбек Жунушахунов, Марлен Асанов жана Эрмек Мамбетжанов шектелген.

Аталган милиция кызматкерлерине сурак алууда кыйнаган, шектелген адамды шылдыңдаган, кызмат абалынан аша чапкан, башка адамга физикалык кысым көрсөтүп, көзөдөгөн максатын ишке ашырган деген бир нече беренелер боюнча айып тагылган.

Сот Алиев, Жунушахунов жана Мамбетжановдорду актап, ал эми калган Жузубалиев, Балыкбаев, Асановдорду төрт жылга эркинен ажыратты.

2010-жылы эстрада чөйрөсүндө Микаэл деген ысым менен таанымал Мирлан Даутовду 31-мартта кечке жуук үйүнүн кире беришинде белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG