Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

Пакистан: мектепке кол салууга шектүүлөр кармалды


Мектепке кол салуу учурунда каза болгон балдарды эскерүү.
Мектепке кол салуу учурунда каза болгон балдарды эскерүү.

Пакистандын Ички иштер министрлиги Пешавар аймагындагы мектепке кол салууга шектүү деп бир нече адам кармалганын кабарлады. Ички иштер министри Чаудхри Али Хан 21-декабрда кандуу окуяга катышы бар же ортомчу болгондор кармалганын билдирди. Министр канча адам кармалганын жана алардын аты-жөнүн атаган жок.

16-декабрда талиптер Пешавардагы аскерий башкаруудагы мектепте кеминде 500 адамды барымтага алып, каршылык көрсөткөндөрдү аткылай баштаган. Чабуулдан 141 адам, анын ичинде 132 окуучу набыт кеткен. Бул кол салуудан соң коомчулук Пакистан өкмөтүн коопсуздук чараларын жетиштүү деңгээлде көрө алган жок деп сынга алган эле. Окуядан кийин Пакистан өкмөтү өлүм жазасына тартуу боюнча алты жылдык мораторийди токтотту.

XS
SM
MD
LG