Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

ЖККУ өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрүнүн жыйыны өтөт


Орусиянын борбору Москвада ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер жана коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биргелешкен жыйыны өтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында уюм алкагындагы аскердик коопсуздук жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселеси талкууланмакчы. Ал эми 23 - декабрда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйыны өтмөкчү.

ЖККУ аскердик-саясий уюм катары 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG