Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

Орусиянын 100 млн. долларлык жардамы жаңы жылга чейин келет


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Российская газета” басылмасына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө жардам катары убада кылган 1 млрд. доллардын алгачкы бөлүгү 31-декабрга чейин которулат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча келишимге ушул жылдын октябрь айында Бишкекте кол коюлган. Президент Алмазбек Атамбаев бул фонддун Кыргызстандын интеграциялык жараянга кошулуусундагы мааниси чоң экенин белгилеген. Эки өлкөнүн экономика министрлери кол койгон келишимге ылайык, Орусия 1 млрд. доллар каражат бөлөт. Фонддун кеңеши беш адамдан турат – үчөө Орусия тараптан, экөө Кыргызстандан. (UEz)

XS
SM
MD
LG