Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 13:34

Нарындын Жумгал районунан Бангладешке диний окууга кеткен мектеп окуучуларынын экөөсү кайтып келе элек. Бул тууралуу Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Кыдыралиев билдирди.

- Негизи Бангладешке бизден тогуз окуучу кеткен. 7-8 жана 4-класстарда окуган 7 окуучу кайра келишкен. 9-классты бүтүп кеткен эки окуучу келе элек,- деди Кыдыралиев.

Мындан мурдараак Жумгал районунун жетекчилиги чет өлкөлөргө балдарын диний окууга жиберген ата-энелерге акчалай айып салуу боюнча чечим кабыл алган. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча 16 жашка чейинки балдардын чет өлкөлөрдө диний билим алуусуна тыюу салынган. 9-класска чейинки негизги орто билим берүү бардык өспүрүмдөргө милдеттендирилген. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG