Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Атамбаев Бажы биримдиги боюнча келишимге кол коюу үчүн Орусияга кетти


Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Президент иш сапарынын алкагында эртең, 23-декабрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жана Евразия экономикалык союзунун кезектеги жыйындарына катышат. Өлкө башчысы анда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна кирүүсү боюнча келишимге кол коет.

Өлкөнүн ЕАЭСке кошулушу боюнча келишимдин долбоорун бүгүн өкмөт жана парламенттин тиешелүү комитеттери жактырды.

Экономикалык интеграциянын алкагында Орусия, Казакстан жана Беларус Бажы биримдигине бириккен. Андан кийин Бирдиктүү экономикалык аймак түзүлүп, 29-майда Астанада жетишилген келишимге ылайык, Евразия экономикалык союзу түзүлүүдө. Бул биримдик 2015-жылдын январынан тарта иштей баштайт. (UEz)

XS
SM
MD
LG