Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Тогуз-Торонун акимине кылмыш иш козголду


Жалал-Абад облустук прокуратурасы Тогуз-Торо районунун акимине кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аким райондогу коргоого алынган Үч-Чат аймагындагы дарактарды кыюуга уруксат берген. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 100 миң сомдон ашуун зыян келтирилген.

Бул боюнча Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG