Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Куттуу-Сай боюнча Кыргызстандын доо арызы Москвада февралда каралат


Москвадагы Соода-экономикалык палатанын алдындагы Арбитраж Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүнүн доо арызын 12-февралда карай баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунан кабарлашты. Өкмөт Stans Energy компаниясынын арызы боюнча «Центерра Голддогу» Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алуу мыйзамсыз болгонун билдирген.

Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан чечим чыгарган. Ал чечимдин негизинде Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган болчу. Мындан соң өкмөт доо арыз жолдогон.

20-октябрда президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча өз пикирин билдирип, аны Кыргызстанды кысмакка алуу деп атап, өлкө бийлиги чечкиндүү кадамдарга бара турганын кошумчалаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG