Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Украина кризиси боюнча сүйлөшүү ушул жумада уланат


Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча кезектеги сүйлөшүү 24-26-декабрда Беларустун борбору Минскте өтөт. Жолугушууга Украинанын, Орусиянын жана ЕККУнун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу украин президенти Петро Порошенко билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы сүйлөшүүнү баштоо Украина, Орусия, Франция жана Германиянын өлкө башчыларынын 22-декабрдагы телефондук сүйлөшүүсүндө макулдашылды. Сүйлөшүүдө бардык лидерлер Украинанын чыгышындагы чатакты жөнгө салып, кан төгүүнү токтотуу боюнча Минск келишимин аткаруу зарылдыгын белгилешти.

Ушул жылдын сентябрь айында Минскте Украина, Орусия жана орусиячыл жикчилер ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашкан. Бирок бул келишимге карабай тараптар аны утур-утур бузуп келатат. Ошондон бери аткылашууларда эки миңге жакын киши набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG