Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

ЕККУ Өзбекстандагы парламенттик шайлоону сынга алды


Өзбекстандагы парламенттик шайлоого байкоо салган ЕККУнун чакан миссиясы добуш берүү атаандаштык камсыздалбаган шартта өткөнүн жарыялады. Миссиянын 22-декабрдагы билдирүүсүндө сөз эркиндиги жана тынч чогулуу укугунун сакталышы өлкөдө эркин жана калыс шайлоо өткөрүү үчүн маанилүү экени айтылат.

- Мындан улам 21-декабрда өткөн шайлоо жакшы уюштурулганы менен атаандаштык жана талкуулар жетишпей турду, - деп билдирди ЕККУнун миссиясынын башчысы Даан Вильям Эвертс.

Өзбекстанда 21-декабрда парламенттик шайлоо өткөн. Өлкө парламенти - Олий Межлистеги 150 орундун 135и үчүн төрт партия ат салышты. Бул партиялардын баары президент Ислам Каримовдун саясатын колдошот. Ал эми калган он беш орун атайы Өзбекстандын өкмөттүк экологиялык кыймылы үчүн бекитилип берилген.

Өзбек оппозициясынын өкүлдөрү бул шайлоону бойкоттоп, бир да оппозициялык партия шайлоого катышкан жок.

XS
SM
MD
LG