Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Британиялык музыкант Жо Кокер дүйнө салды


71 жаштагы рок музыкант узак убакыттан бери өпкөнүн рагы менен ооруп келген. Ал акыркы жылдары АКШнын Колорадо штатында жашачу.

Британиядагы Шеффилд шаарында туулуп өскөн Жо Кокер 1960-жылдардын аягында таанылмал болгон. Музыка сүйүүчүлөр үчүн Кокер Woman to Woman, Unchain My Heart, You Can Leave Your Hat On, Now That the Magic Has Gone сыяктуу ырлары менен таанымал эле. 2007-жылы музыкант Британ империясынын жогорку ордени менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG