Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Мамлекеттик ишмер Карыбек Молдобаев жерге берилди


Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Карыбек Молдобаев жерге берилди. Ал узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Карыбек Молдобаев 1932-жылдын 15-ноябрында Кочкор районундагы Мантыш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде билимин уланткан.

Молдобаев Кыргыз ССР Жогорку Советине төрт, СССР Жогорку Советине эки жолу депутат болуп шайланган. Ал СССРдин жана Кыргыз ССРинин бир катар мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган. Молдобаев 1995-жылы президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору болуп дайындалган. Ал 12 жыл ректор катары иштеп, окуу жайдын өнүгүшүнө ат ккөтөргүс салым кошкон. (UEz)

XS
SM
MD
LG