Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Дмитрий Медведев АКШны жана Украинаны сындады


Премьер-министр Дмитрий Медведевдин эскертишинче, Кошмо Штаттардын Москвага каршы жаңы санкцияга уруксат берген мыйзамы Орусия-АКШ мамилесин ондогон жылдарга “уулантат”. 18-декабрда президент Обама Москванын Украинадагы окуяларга кийлигишүүсүнө байланыштуу болочокто Орусияга каршы санкцияны күчөтүүгө уруксат берген мыйзамга кол койгон.

Өткөн аптада президент Порошенко Украинанын 2010-жылы кабыл алынган “бейтарап өлкө макамын” жокко чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун парламентке жиберген. Бул эки кадамдын кесепети өтө жаман болот жана Украинаны Орусияга душман кылат", - деп жазды Медведев 23-декабрда Фейсбукта. Ал Украинанын “бейтарап макамын” жоюу аракети иш жүзүндө НАТОго мүчө болууга арыз бергенге тете деп түшүнөт.

XS
SM
MD
LG