Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:47

Түндүк Кореянын айрым интернет серверлери кайра иштей баштады


Американын Dyn Research киберкоопсуздук фирмасынын билдиришинче, киберкоопсуздук боюнча Пхенян-Вашингтон арасындагы араздашуудан улам тогуз сааттан көп иштебей калган Түндүк Кореянын серверлеринин кээ бирлери 23-декабрда кайра иштеп калды.

Талдоочулардын айтымында, серверлердин иштен чыгуусу киберчабуул же техникалык проблема менен түшүндүрүлүшү ыктымал. АКШ өткөн жумада Sony Pictures фирмасына жасалган чабуул үчүн Пхенянды күнөөлөгөн.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги Түндүк Кореянын интернет байланышы үзгүлтүккө учуроосу үчүн Бээжинди күнөөлүү деген маалыматтарды “жоопкерсиздик” деп атады.

Ноябрда АКШда Түндүк Кореянын лидерине жасалма кол салуу жөнүндөгү кинокомедия көрсөтүлгөнү жатканда “Сони” компаниясы коркутулуп, фильм көрсөтүлбөй калган. Пхенян окуяга тиешеси жок экенин билдирген. Президент Обама АКШ “пропорционалдуу жооп берилет” деп убада кылган. Серверлер БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореядагы адам укуктарынын абалын -Кытай жана Орусиянын каршылыгына карабай талкуулап жатканда иштебей калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG